24.kg
13:43, 20 октября 2020, 24.kg

COVID-19. Мектептердин ишин жандандыруу боюнча чечим чыга элек

Мектептердин жана бала бакчалардын ишин жандандыруу боюнча, өсүп жаткан эпидкырдаалга мониторинг жүргүзүп жана Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге чечим кабыл алынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

Анын айтымында, биринчи чейректи онлайн режиминде жүргүзүү чечими чыгарылды.

«Экинчи чейрек тууралуу кошумча каралат. Балким, жергиликтүү башкаруу органдары, администрациялар эпидемиологияга каршы өзгөчө комиссиялардын чечими боюнча шаарлардын жана райондордун деңгээлинде чечим кабыл алышы керек», — деди ал.

Сентябрь айында мектеп жашындагы балдар арасында коронавирустун 34 учуру жана пневмония менен 14 учур катталган, октябрь айында алардын саны үч эсе өсүп — коронавирус 110 балада жана пневмония 9 балада тастыкталган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18