24.kg
13:14, 20 октября 2020, 24.kg

Райымбек Матраимов фамилиясын Ысмайылов деп алмаштырып алган

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Ройымбек Матраимов фамилиясын алмаштырып алганы маалым болду. Анын жаңы ID-картасынын сурөтү интернетте жарыяланды.

Маалыматка ылайык, ал жаңы паспортун Ысмайылов Райымбек Ысмайыловичтин атына алган. Документ 2020-жылдын 15-октябрында берилиптир. Буга чейин Райым Матраимов 2020-жылдын 14-сентябрында да жаңы паспорт алганы белгилүу болду.

24.kg маалымат агенттигинин өз булагы билдиргендей, мурдагы аткаминер жаңы документин Оштон алган.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул маалыматты тастыктап да, төгүндөп да чыккан жок. Болгону паспорт алмаштыруу тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга мыйзам тарабынан тыюу салынаарын айтышты.

Салык кызматынын маалымат базасында Ысмайылов Райымбек Ысмайыловичтин жеке идентификациялык номуру жок болуп чыкты.

Эске салсак, бүгүн Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимов кармалды

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18