24.kg
11:22, 20 октября 2020, 24.kg

Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты УКМК ырастады.

Маалыматка караганда, Райымбек Матраимов Бажы кызматындагы жемкорлук боюнча күбө катары суралат.

Белгилей кетсек, УКМК кечээ Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимовдун жакын айланасына кирген жана коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталдыгын жарыялаган.

Мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов кармалып, Бажы кызматындагы жемкорлук иши ачыкка чыгарын белгилеген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18