24.kg
10:11, 20 октября 2020, 24.kg

Пашинян менен Алиев сүйлөшүүгө даяр

Армения премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабактагы жаңжалды тынч жол менен чечүү боюнча Азербайжан президенти Ильхам Алиев менен Москвада сүйлөшүү өткөрүүгө даяр.

Пашинян бул позициясын ТАСС агенттигине берген маегинде билдирди. Ереван Тоолуу Карабактын макамын калк өзү чечүүгө тийиш деп эсептейт.

Ильхам Алиев да ТАСС агенттиги аркылуу жаңжалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтты.

«Биз да тынчтыкты каалайбыз. Бирок Армениядан айырмаланып, мыйзам боюнча өзүбүзгө тиешелүү аймактын өзүбүздө калышын каалайбыз», — деди ал.

«Новая газета» басылмасы Тоолуу Карабак 729 армян аскери каза болгонун билдиргенин жазды. Азербайжан өз жоготуулары жөнүндө ачык маалымат бербейт: Алиев буга чейин курмандыктар жөнүндө маалымат согушук аракеттердин активдүү фазасы аяктагандан кийин жарыялана турганын айткан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18