24.kg
12:43, 19 октября 2020, 24.kg

Бажыдагы жемкорлукка тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимовдун жакын айланасына кирген жана коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Маалыматка караганда, бажыдагы коррупция боюнча сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Азыркы тапта алардын жүргөн жери аныкталды. Ошол эле учурда алардын коррупциялык схемага канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин тактоо боюнча активдүү иш аракеттер жүрүп жатат.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүн текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытындагы тиешелүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18