24.kg
11:06, 19 октября 2020, 24.kg

Азимбек Бекназаров: Бажыдагы коррупциянын жетекчилери Россияда олтурат

Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупциянын уюгу Россиянын көзөмөлүндө ишке ашып турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, кыргыз бажысындагы коррупция эл аралык деңгээлдеги коррупциянын бөлүгү. Ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, бажы тармагындагы жемкорлукка калыс баа берүүнү суранат.

«Райымбек Матраимов Бажы кызматын бир топ жыл жетектеген Кубанычбек Кулматовдун төрт орун басарынын бири. Эгер камай турган болсоңор Кубанычбек Кулматов Алмазбек Атамбаевди кошо бул иш боюнча жоопко тарткыла. Президент, жетекчи билбей туруп коррупцияны ишке ашырууга болобу?. Райымбек Матраимов эл аралык коррупциянын солдаты, анын атамандары Россиянын кен талаасында жатат. Аны Алмазбек Атамбаев жети жыл коргоду. Алар 9-октябрда дагы бирикти. Кубанычбек Кулматов Россиядан учуп келди », - дейт Азимбек Бекназаров.

Азимбек Бекназаров андан сырткары, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду бийликтин эйфориясынан алыс болуп, калыс болууга чакырат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18