24.kg
10:53, 19 октября 2020, 24.kg

COVID-19. Беткап тагынганда көз айнектин ичин буу баспашы үчүн эмне кылуу керек

Беткап тагынганда көз айнектин ичи бууланбашы үчүн, аны атайын суюктук менен сүртүп чыгуу керек, же беткаптын ордуна респератор кийүү керек. Бул тууралуу Sputnik радиосуна берген интервьюсунда медициналык блогер Филипп Кузьменко маалымдады.

Ал медициналык беткап менен көз айнек тагынууда бир нече кеңешин берди.

«Көз айнектин ичин буу баспашы үчүн атайын спрей-антифрогду пайдаланса болот. Же респераторду мурдуңузга тыкыс басып кийиңиз, себеби дем алганда аба жогору чыкпастан, респератордун капталында жайгашкан клапан аркылуу чыгып, көз айнекти буу баспайт», — дейт Кузьменко.

Ал эми япондуктар да бир жолку медициналык беткап менен көз айнек тагынуунун жөнөкөй ыкмасын ойлоп табышты. Болгону, бет каптын ийкемдүү алюминий кийгичи жайгашкан ички жана үстүнкү кырын ичине бүгүп коюу керек.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18