24.kg
16:08, 16 октября 2020, 24.kg

Өмүрбек Текебаев: Садыр Жапаров президенттик кызматка аттана албайт

Президенттин милдетин аткаруучу алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев парламенттин жыйынында билдирди.

Өмүрбек Текебаев таза шайлоо өткөрүү үчүн Садыр Жапаровдун тобундагылар дагы ат салышууга катышпасы керектигин белгиледи.

«Бүгүнкү убактылуу өкмөттүн негизги милдеттеринин бири — таза жана калыс шайлоо өткөрүү. Мамлекет башчынын милдетин аткарган премьер-министр президенттик шайлоого катыша албайт. Бул адилеттүү чектөө, анткени эч ким өз статусунан ашыкча пайдаланбасын деген чек Конституцияда так белгиленген. Эгер премьер-министрдин жан досу, жакын партиялашы президенттик шайлоого катышса шайлоо адилеттүү өткөнүнө эл ишенеби? Эгер премьер-министр өзү катышпаса да шайлоого катышып жаткан анын жакындары өз статусун ашыкча пайдаланган жок дегенге эл ишенеби? Ошондуктан, Садыр Нуркожоевич, сиздин жакын чөйрөңүз президенттик шайлоого катышпаса Кыргызстан алдыга койгон максаттарга жетишине жакшы шарт түзүлөт эле», — деди Өмүрбек Текебаев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18