24.kg
14:54, 16 октября 2020, 24.kg

Тажикстанда COVID-19 курмандыктары 80 кишиге жетти

Тажикстанда коронавирус инфекциясынан өлгөн кишилердин саны 80ге жетти. Өткөн суткада дагы бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, 15-октябрга карата COVID-19 вирусун жуктургандар 10 миң 374 кишини түздү. Бир күндө 38 жаңы учур катталды. 9317 киши же ооругандардын 89,9% айыкты

Бирок тажикстандыктар чыныгы сан мындан алда канча көп деп эсептейт.

Тажикстан 2020-жылы 30-апрелде өлкөдө коронавирус инфекциясы бар экенин мойнуна алган. Өлкөдө дагы деле беткап режими сакталууда. Беткапсыз жүргөндөргө айыппул салынууда.

Бийлик июнь айында коронавирус инфекциясын жуктурган учурлар азайганын жарыялаган. 15-июнда Тажикстанда соода жана оюн зоок борборлору, базарлар, ресторандар, сулуулук салондору, мейманканалар жана спорткомплекстер, мектептер, жогорку окуу жайлар иштеп баштаган, үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүгө уруксат берилген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18