24.kg
12:13, 15 октября 2020, 24.kg

Россия Кыргызстанга каржылык колдоосун убактылуу токтотту

Россия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү убактылуу токтото туруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу РБК Россиянын Каржы министрлигиндеги булактарга таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим өлкөдөгү кырдаалдан улам кабыл алынган.

«Россия Кыргызстандагы саясий кырдаал турукташып, бийлик органдары толук иштегиче каржылык колдоо көрсөтпөй туруу чечимин кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2019-жылы Россия Кыргызстанга кайтарымсыз 30 миллион доллар бөлгөн. 2005-жылдан бери өнөктөш мамлекет Кыргызстандын 700 миллион доллардан ашык карызын кечкен. (2018-жылдын февраль айында толугу менен карызын жойгон) 2012-жылы Москва Бишкекке 250 миллион доллардан ашык өлчөмдө кайтарымсыз грант берген.

5-октябрда Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен митингчилер кагылышып, миңден ашык адам жабыркап, бир киши набыт болду.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18