24.kg
09:51, 15 октября 2020, 24.kg

Темирлан Султанбеков Садыр Жапаровго президентти кууп чыгууга жардам берет

Активист Темирлан Султанбеков премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу КСДП партиясынын катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөт башчысы өзү Темирлан Султанбековго жолугушууну сунуштаган.

«Мен коомчулуктун Садыр Жапаровго ишеними күч экенин айттым. Анын ката кетирүүгө укугу жок. Садыр Жапаров баарын таза барактан баштоого даяр. Ал Сооронбай Жээнбековду кууп кетире турган болсо, анда мен аны колдоого даярмын», — дейт Темирлан Султанбеков.

Белгилей кетсек, Темирлан Султанбеков кечээ үй камагына чыгарылды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18