24.kg
09:28, 15 октября 2020, 24.kg

Өзбек вице-премьери Шухрат Ганиев COVID-19 вирусун жуктуруп алганы айтылды

Өзбекстандын премьер-министринин агрардык саясат жана азык-түлүк тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча орун басары Шухрат Ганиев коронавирус инфекциясын жуктуруп алды.

Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өз булактарына таянуу менен билдиришти.

Билдирүүдө Фергана облусунун мурдагы башчысы Шухрат Ганиев Ташкенттеги 16-ооруканада (Медициналык тез жардам көрсөтүү боюнча республикалык илимий борбор) дарыланып жатканы айтылат. Оору жеңил формада өтүүдө.

Өзбек бийлиги бул боюнча расмий билдирүү тарата элек.

Шухрат Ганиев вице-премьер-министрликке өткөн айдын аягында дайындалган. Ал 20-сентябрда коронавирустан көз жумган Уктам Барноевдин ордуна келген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18