24.kg
09:22, 15 октября 2020, 24.kg

Токаев Кыргызстандын конституциялык жолго түшүүсүн колдойт

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына «Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын легитимдүү президенти» деп жазып, анын өлкөдөгү жагдайды жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдой турганын билдирди.

Токаев твитинде: «Президент Жээнбеков мамлекеттин легитимдүү президенти болуп саналат, ошондуктан анын жаңжалды токтотуу жана абалды турукташтыруу үчүн жасап жаткан аракеттерин колдойм. Казакстан үчүн Кыргызстан стратегиялык өнөктөш. Ошондуктан бул өлкөнүн туруктуулугу маанилүү. Кыргызстандагы жагдайдын конституциялык нукка түшүүсүн колдом. Биздин өлкө жаңжал башталганда эле бардык саясий күчтөрдү маселени Конституциянын негизде чечүүгө чакырган», — деп жазган.

Буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, Кошмо Штаттар президент Сооронбай Жээнбековдун, саясий лидерлердин, жарандык коомдун жана мыйзам талдоочу окумуштуулардын өлкөнүн саясий турмушун мыйзам жолуна кайтаруу аракетин колдой турганын айткан. Өлкөдө уюшкан кылмыштуулук менен коррупциянын саясатка тийгизген таасирине каршы күрөштү улантуу зарыл экендиги белгиленген.

Ага чейин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааный турганы жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18