24.kg
11:52, 14 октября 2020, 24.kg

Садыр Жапаров: Абактагы саясий ишмерлерди үй камагына бошотсо болот деп эсептейм

Жаш саясатчы Темирлан Султанбековду камактан бошотуу зарылдыгы жөнүндөгү көптөгөн кайрылуулар боюнча өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү Садыр Жапаровдун кайрылуусун таркатты.

Ага ылайык, премьер-министр коомдук коопсуздукка коркунуч келтирбеген саясий оппоненттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт деп эсептейт.

«Премьер-министр катары сот, прокуратура жана тергөө органдарына таасир этүүгө моралдык жана ыйгарым укуктарым жок экендигин баса белгилегим келет. Биз курууга умтулуп жаткан укуктук мамлекетте тергөө амалдары жүрүп жаткан коомдук жана саясий ишмерлерди кармоону үй камагына алмаштырса болот деп эсептейм», — деди өкмөт башчы.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18