24.kg
09:42, 14 октября 2020, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин легитимдүүлүгү боюнча кайрылуу жасады

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, премьер-министрдин кызмат ордунун легитимдүүлүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Президенттин айтымында, кечээ Жогорку Кенештин төрагасы шайланды.

«Эми парламентибиз толук кандуу иштей алат. Садыр Жапаровду премьер-министрликке мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен, кайра кароо сунушун парламентке жөнөттүм. Буга чейинки Жогорку Кеңештин токтому мыйзамдын талаптары сакталбай кабыл алынып калган. Ошондуктан, бул токтомдор парламентке кайтарылды. Өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл. Саясатты токтотуп, ишке өтөлү», — деди мамлекет башчысы.

Президент мыйзамды сактоого чакырып, кыйынчылыктарды акыл менен жеңип, бир эл, бир журт катары абийирибизди сактап калууну суранды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18