24.kg
12:59, 13 октября 2020, 24.kg

Бишкектеги турак үйлөрдүн 97 пайызына жылуулук берилди

«Бишкекжылуулук» ААКсы ордо калаабыздагы турак үйлөрдүн 97 пайызына жылуулук берди. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Мааламытка ылайык, жылуулук 1 миң 933 үй жана 53 медициналык мекемеге жетти.

Эске салсак, буга чейин «Көк-Жар» кичи районунун тургундары 24.kg маалымат агенттигине үйлөрүнө жылуулук келбей жатканын билдирип, даттанышкан. Бишкекжылуулуктун адистери жерине чыгып, № 3 турак үйүнүн жылуулук берүүчү пунктун текшерип, редуктивдик капкакча иштебей калганын аныкташкан. Учурда ал оңдолуп, үйгө жылуулук бериле баштады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18