24.kg
12:23, 13 октября 2020, 24.kg

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү курорттордун коопсуздугун камсыздоону тапшырды

Премьер-министи Садыр Жапаров Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Улан Ниязбековго Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайлардын, санаторийлердин жана пансионаттардын сакталышын камсыздоо боюнча тыкыр чараларын кабыл алуу тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайлардын жана пансионаттардын ээлерине белгисиз жарандар келип, акча каражаттарын опузалап коркутуу аркылуу алып жаткандыгы тууралуу кабар таркаган.

«Макул болбогон учурда, пансионаттарды өрттөп, денеге залал келтирүү коркутуулары болгондугу айтылат. Мындай окуялар жеринде токтотулушу керек. Курорттук аймактагы башка жактардын мүлкүн рейдерлик менен басып алуу аракеттерине жана анда иштеген ишкерлерден опузалап акча талап кылууга жол берилбейт», — деди Садыр Жапаров.

Өкмөт башчы кыска мөөнөттө түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгып, мындан ары бул сыяктуу аракеттерге чек коюу тапшырмасын берди.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18