24.kg
11:46, 13 октября 2020, 24.kg

Мектептердин окуу процессин калыбына келтирүү маселеси кайтадан каралууда

Күн тартибинде мектептердеги окуу процессин кадимки режимге кайтаруу маселеси турат. Бул жөнүндө 24.kg маалымат агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жогоруда аталган маселе Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте каралып жатат.

Айрым мектептердин кызматкерлери 19-октябрдан тарта окуу процессин баштаарын билдиришти.

Министрлик бул суроого так жооп берген жок. «Бир нече вариантыбыз бар, бүгүн аларды штабдын отурумуна чыгарабыз», — дешти басма сөз кызматкерлери.

Эске салсак, 1-сентябрда биринчи класстын окуучулары кадимки режимде билим алуусун баштаган. 6-октябрда 2-6-класстарынын окуучулары да офлайн-режимде окуусун баштамак, бирок ыңкылаптан улам, алар онлайн-режимде билим алуусун улантты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18