24.kg
11:47, 13 октября 2020, 24.kg

Дүйшөнбек Зилалиев кайра абакка кайтарылды. Сапар Исаков кайда экени белгисиз

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кармалып, тергөө абагына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында 6-октябрга караган түнү соттун мыйзамсыз чечими менен камактан бошотулган Дүйшөнбек Зилалиев 12-октябрда кайтарылганы айтылат.

УКМК камактан мыйзамсыз чыгып кеткендерди табуу жана кармоо боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады.

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкекте өткөн тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган. Башкы прокуратура аларды кайрадан абактарга кайтып келүүгө чакырган.

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков, улуттук энергохолдинг ишканасынын мурунку жетекчиси Айбек Калиев, мурдакы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кайра камалды. Азыр жемкорлук айыбы менен соттолгон мурдакы премьер-министр Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын мурдакы мэри Албек Ибраимов кайда экени белгисиз.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18