24.kg
11:19, 13 октября 2020, 24.kg

COVID-19 экинчи толкуну: Ыктыярчылар жардам берүү үчүн топтошууда

COVID-19 менен күрөшүү максатында Бишкекте ыктыярчыларды чогулта башташты. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине элдик ыктыярчылар тобунун штабынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирустун экинчи толкуну каптап келе жаткандыктан, ыктыяр топтор медициналык мекемелерге жардам берүү үчүн даяр турат. Ыктыярчылар камданып, керек болгон учурда жардамга келүүгө даяр туруусуна чакырды штаб.

Ыктыярчы болгусу келген жарандар Бишкектеги Киев менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Агропром имаратынын сол канатына саат 18:00гө чейин келип, катталып кетсе болот. Толук маалымат алгыңыз келсе 0707050607, 0507998877 номурларына телефон чалыңыздар.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18