24.kg
09:42, 13 октября 2020, 24.kg

Атамбаев эми Садыр Жапаровду колдойт: Жээнбеков алдап кетпесе болду

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровго колдоо көрсөтөрүн билдирди. Бул тууралуу абактан жолдогон катында белгилейт.

Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун ишенимине кирип, аны премьер-министр катары дайындады.

«Бул жакшы, себеби ал Жээнбеков-Матраимов кланынан эмес. Садырдын иши оңунан чыгат деген ойдобуз. Бирок, куу Сооронбай Садырды алдап, каралап чыгышы мүмкүн. Анын эч кандай антына ишенбеш керек», — дейт Алмазбек Атамбаев.

Белгилей кетсек, 5-октябрь түнү абактан мыйзамсыз чыгарылган Алмазбек Атамбаев 10-октябрь күнү кайра кармалды.

Алмазбек Атамбаев ал арада 9-октябрда Бишкекте борбордук аянтта митинг өткөрүүгө жетишти. Ал өлкөнү кылмышкерлер башкарып жатканын айтып, өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдоп чыккан.

Аянттан Садыр Жапаровдун тарапташтары Алмазбек Атамбаевди, Өмүрбек Бабанов жана Сапар Исаков кууп кетиришкен.

Митинг учурунда Алмазбек Атамбаевдин унаасына ок атылды. Мурдакы президент өмүрүнө кол салуу болгонун айтты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18