24.kg
09:18, 13 октября 2020, 24.kg

COVID-19: Түндүк Казакстан облусунда дагы эки калктуу конуш карантинге жабылды

Түндүк Казакстан облусунда Мамлютка шаары менен Есил районунун административдик борбору эсептелген Явленка айылы карантинге жабылды. Акыркы эки жуманын ичинде бул калктуу конуштарда ондогон адамга COVID-19 жуккан.

12-октябрда карантиндик аймактарга блокпосттор коюлуп, жарандардын кечки саат 10дон таңкы алтыга чейин үйдөн чыгуусуна чектөө киргизилди.

Мындан тышкары Мамлютка шаарында 100 адамга ылайыкташкан карантиндик стационар ачылды. Ушу тапта 58 киши коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын күтүүдө.

«Шаар 14 күнгө жабылат. Мындай чечим аймакта коронавирус жуктургандар көбөйүп жатканына байланыштуу кабыл алынды. Буга чейин түнкү 11ге чейин иштеген бизнес-борборлор, дүкөндөр кечки тогузда жабылат. Коомдук транспорт токтоп, таксилер иштейт», — деди калаа башчынын орун басары Алмагүл Рамазанова.

9-октябрда Түндүк Казакстан облусундагы Булаев шаары да карантинге жабылган. Эки жуманын ичинде бул шаарда коронавирус жуктурган 24 учур катталган.

Өткөн суткада Түндүк Казакстан облусунда 11 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Марттан бери аймакта 3 921 киши COVID-19га чалдыкты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18