24.kg
15:47, 12 октября 2020, 24.kg

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн абакка кайтып келиши керек

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков 13-октябрга чейин абакка кайтып келиши керек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, абактан бошотулгандар кыска өргүү алышкан. Анын мөөнөтү бүгүн түнү аяктайт.

Сапар Исаков менен бирге Бишкек шаарынын мурдакы мэри Албек Ибраимов дагы абакка кайтышы зарыл.

Мурдакы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн өзү абакка кайтып келди.

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкекте өткөн тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган. Башкы прокуратура аларды кайрадан абактарга кайтып келүүгө чакырган.

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков кайра камалды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18