24.kg
15:20, 12 октября 2020, 24.kg

Садыр Жапаров өкмөттө жыйын өткөрдү

Садыр Жапаров өкмөттү аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров өлкө чоң саясий жана эконимакалык реформалардын алдында турганын белгиледи.

«Өлкөнүн мындан ары өнүгүшү үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү. Бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеши зарыл. Биздин алдыбызда мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана бизнести колдоо боюнча милдеттер турат. Бул багыттагы иш-чаралар кыска убакыттын аралыгында аткарылууга тийиш», — деди ал.

Белгилей кетсек, парламент 10-октябрда Садыр Жапаровду өкмөт башчылык кызматка бекитти. Бирок, ага президент кол коюп, Садыр Жапаров ант бере элек.

Ошол эле учурда вице-спикер Аида Касымалиева 10-октябрдагы жыйында кворум болбогонун айтып чыкты. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18