24.kg
14:12, 12 октября 2020, 24.kg

Бишкектеги башаламандыкта абактан бошотулгандар. Айбек Калиев өзү кайра келди

Улуттук энергохолдинг ишканасынын мурунку жетекчиси Айбек Калиев өз ыктыяры менен кайра абакка келди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Айбек Калиев 6-октябрга караган түнү болгон башаламандык учурунда мыйзамсыз түрдө эркиндикке чыккан.

Учурда Калиевди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын абагына жеткиришти, ал мындан ары да жазасын өтөйт.

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкекте өткөн тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган. Башкы прокуратура аларды кайрадан абактарга кайтып келүүгө чакырган.

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков кайра камалды. Азыр жемкорлук айыбы менен соттолгон мурдакы премьер-министр Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана Бишкек шаарынын мурдакы мэри Албек Ибраимов абакка кайта элек.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18