24.kg
14:04, 12 октября 2020, 24.kg

Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал тартиби киргизилди

Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жогорку Кеңеш үч күндүн ичинде борбор калаанын аймагында буга чейин өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндө маселени карабагандыктан, президент кайра дагы жарлык чыгарды.

Ага ылайык Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 12-октябрынан саат 20.00дөн баштап 2020-жылдын 19-октябрына саат 07.00гө чейин өзгөчө абал киргизилет. Комендант болуп Алмазбек Орозалиев дайындалды.

Белгилей кетсек, президент өз жарлыгы менен өзгөчө абал тартибин киргизе алат. Жарлык чыгышы менен күчүнө кирет. Аны парламент үч күн ичинде карап чыгышы шарт. Эгер депутаттар жарлыкты үч күн ичинде карабаса, ал күчүн жоготот.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18