10:56, 09 октября 2020, 24.kg
COVID-19. Бишкекте бир суткада 40 жаңы учур катталды
Өткөн суткада 275 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Эң көп учур Баткен облусунда катталды (74). Ош шаарында — 25, Чүй облусунда — 28, Ош облусунда — 49, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 47, Бишкек — 40.
Март айынан бери 48 миң 617 киши вируска чалдыкты.
0