24.kg
10:33, 09 октября 2020, 24.kg

COVID-19. Эл аралык валюта кору Тажикстанга жардам берет

Эл аралык валюта кору пандемиянын экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнө бериле турган жардамдын экинчи топтомун жактырды. Анын алкагында 28 өлкө, анын ичинде Тажикстан каржылык жардам алат.

Тажикстандын Каржы министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөнүн тышкы карызы 3,1 миллиард долларды түзөт. Бул орточо эсеп менен ар бир жаранга 330 доллардан туура келет.

Быйыл май айында Эл аралык валюта корунун Аткаруу комитети «тездетилген насыялоо механизминин алкагында» «COVID-19га байланышкан чыгымдарды канааттандыруу үчүн» Тажикстанга 10 жылдык мөөнөткө 189,5 миллион доллар бөлүүнү, анын беш жылына жеңилдиктерди берүүнү жактырган.

Эл аралык валюта корунун божомолуна ылайык, коронавирус инфекциясынан улам жаралган каатчылыктын жыйынтыгында Тажикстандын экономикасы быйыл 2% төмөндөп, бюджеттин таңкыстыгы ички дүң өнүмдүн 7,7% чейин жогорулашы мүмкүн.

Уюмдун 6-октябрда жарыяланган жаңы баяндамасына ылайык, коронавирус пандемиясы Тажикстандын экономикасына терс таасирин тийгизүүсүн улантууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18