24.kg
17:39, 08 октября 2020, 24.kg

Президент менен Жогорку Кеңештин спикери сүйлөштү

Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка караганда, президент тараптан демилгеленген бул баарлашууда өлкөдөгү соңку саясий кырдаал талкууланды.
 
«Төрага азыркы убакытта Жогорку Кеңеш абалды турукташтыруу жана мыйзамдык талаага кайтып келүү боюнча бардык колдон келген аракеттерди жасап жатканын, ошондой эле депутаттар тарабынан абалдан чыгуунун бир катар жолдору сунушталганын белгиледи. Ошону менен катар айрым эл өкүлдөрү тарабынан президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталгандыгын эскертти. Мыктыбек Абдылдаев президентке кабыл ала турган чечимдер канчалык оор болбосун, ушул күндөрү түзүлгөн кырдаалдан чукул арада чыгуунун жолдорун ыкчам түрдө кароосу керек экенин белгиледи», — дейт парламент.
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18