24.kg
14:52, 08 октября 2020, 24.kg

Өкмөт аралыктан ишин улантууда

Өкмөт аралыктан ишин улантууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин билдиришти.

Маалыматка караганда өкмөттү вице-премьер-министр Эркин Асрандиев башкарууда.

Мамлекеттик органдардын штаттык режимде иш алып баруусун улантуунун жана кыш мезгилине карата жылытуу мезгилине тийиштүү чараларды ыкчам ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Тармактык мамлекеттик түзүмдөрдүн көңүлү коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алууга, ошондой эле жугуштуу оорунун көбөйүү ыктымалдыгына даярдык көрүү боюнча бекитилген иш-чараларды аткарууга бурулат.

Мындан тышкары мамлекеттик компаниялардын ишин штаттык режимде улантуу зарылдыгы белгиленди.

«Бул оор мезгилде бардык мамлекеттик органдар жарандардын турмушун өз нугунда улантуусун камсыз кылуу үчүн жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча өз ишин күчөтүшү керек», — деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18