24.kg
10:49, 08 октября 2020, 24.kg

Координациялык кеңеш премьерликке талапкерди ачык тандоону сунуштайт

Координациялык кечээ жыйын өткөрдү. Ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун төрагалыгы астында өттү.

Жыйынга «Республика» партиясынан Өмүрбек Бабанов, Руслан Казакбаев, «Бир бол» партиясынан Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов, «Ак шумкардын» лидери Темир Сариев, «Замандаштан» Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков катышты.

Координациялык кеңеш Адахан Мадумаровго Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган Мыктыбек Абдылдаев менен тез арада сүйлөшүп, парламенттин жыйынын чакыруу тапшырылды. Парламент жыйынында өкмөт башчыны альтернативдүү талапкерлердин катышуусу менен, атаандаштык мүнөздө (эки айлык программаларын айтуусу керек) жана түз эфирде чагылдыруу менен өткөрүү сунушталды. Бул азыркы учурда укуктук жолго түшүүнүн бирден бир жолу катары белгиленди.

Координациялык кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровдун билдирүүсүнө караганда, 7-октябрда «Мекенчил» партиясынын лидерлери Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев келип, өкмөт башчы, конституциялык реформа, жаңы парламенттик шайлоо маселелери боюнча Координациялык кеңештин төрагасы менен сүйлөшкөн. Бир катар маселелер боюнча орток пикир табылган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18