24.kg
09:26, 08 октября 2020, 24.kg

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов кармалды

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов Өзбекстандын аймагында кармалды. Мындай маалыматты Кыргызстанда күч органдарын координациялап жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бышыктады.

Анын айтымында, учурда Матраимов Өзбекстанда жана жакын арада Кыргызстанга өткөрүлөт. Аны менен кошо бир нече жакын тууганы болгону кабарланууда. Маалыматтарга ылайык алар кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз өткөндө колго түшкөн.

Тилек Матраимов сегиз жылдан бери өлкөдөгү ири райондордун бири болгон Кара-Суунун акимдигин аркалап келген. Ал парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси.

Шайлоодо алдыга чыгып, 24% добуш алган «Мекеним Кыргызстан» партиясын Матраимовдор алып чыккан. Добуш берүүдөгү олуттуу мыйзам бузууга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18