24.kg
13:34, 07 октября 2020, 24.kg

Бишкектеги митингде Өмүрбек Бабановго сөз бербей кууп чыгышты

Бишкектеги митингде Өмүрбек Бабановго сөз бербей кууп чыгышты. Катышуучулар «Бабанов кетсин!» деп кайталап туруп алышыт.

Белгилей кетсек, «Реформа», «Республика», «Ата-Мекен», «Бир-Бол» партиялары кайрадан Ала-Тоо аянтына чогулушту.

Партия өкүлдөрү «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаров өкмөт башчылык кызматка мыйзамсыз көрсөтүлгөнүн айтышууда.

Алар парламенттин депутаттарын кайра жыйынга топтолуп, өкмөт башчылыгына жаңы талапкерди дайындоону суранышууда.

Митингчилердин пикиринде, премьер-министрликке бир дагы партияга тиешеси жок адам дайындалышы керек.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо дагы айтылды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18