24.kg
10:20, 07 октября 2020, 24.kg

Мелис Мырзакматов Ошко келип, өлкөдө аймактык бөлүүгө жол бербөөгө чакырды

Ош шаарынын мурдакы мэри Мелис Мырзакматов Кыргызстанга келди. Аны кечээ түнү Ош шаарында эл менен жолукту.

Ал өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү колдоорун айтты.

Ал Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда бекем тартип орнотуп, өлкөнү тез арада мыйзам талаасына алып келүүнү убадалады.

«Биз Бишкекке талап коебуз. Ууруларды чыгарып жиберипсиңер, кайра камагыла дейбиз», — деди Мелис Мырзакматов.

Ал азыр өлкөнү аймактык бөлүүгө түрткөн чакырыктар айтылып жатканын айтты.

«Сооронбай Жээнбеков жаман иштегени үчүн эмес, түштүктөн болгону үчүн кетиришти деп атайын бүлүк салып жатышат. Биз андай бөлүнүүгө жол бербейбиз. Андай адамдар кыргыз душманы. Биз өлкөнүн биримдигин, ынтымагын сактоого бел байлайбыз», — деди Мелис Мырзакматов.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18