24.kg
09:56, 06 октября 2020, 24.kg

Толгонай Стамалиева: Сооронбай Жээнбеков кырдаалды көзөмөлдөп жатат

Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалды көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, саясый күчтөр өз кызыкчылыктарынан өлкө кызыкчылыгын жогору коюп, өлкө жарандарын тынчсыздандырып жаткан коомчулукту бөлүнүп-жарылуу жана башка кооптонууларга жол бербейт деп бекем ишенимин билдирүүдө.

Сооронбай Жээнбеков учурдагы түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен, БШКнын парламенттик шайлоонун натыйжаларын жокко чыгарууга чейин, мыйзам бузууларга байланыштуу материалдарды кылдаттык менен изилдөөнү сунуш кылат.

«Тилекке каршы, кыргызстандыктар буга чейин эки элдик көтөрүлүштү башынан өткөргөн жана тынчтык менен туруктуулуктун баасын абдан жакшы билишет. Ошондуктан Президент Сооронбай Жээнбековдун бардык күч-аракеттер жакынкы убакытта өлкөгө тынчтыкты кайтарууга багытталарын белгилейт. Мамлекет башчысы бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды Кыргызстандын келечеги үчүн акылмандуулукка чакырат. Азыр ал Бишкекте», — дейт Толгонай Стамалиева.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18