24.kg
15:53, 05 октября 2020, 24.kg

«Весна»: Беларустагы каршылык акциясы учурунда 240тан ашуун киши кармалды

Жекшембиде Беларуста өткөн нааразылык акциясы учурунда 240тан ашуун киши кармалды. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо борбору билдирди.

Алардын тизмеси борбордун сайтына жайгаштырылды.

Көбү Минскиде кармалган. Укук коргоочулар Брест, Гродно, Витебск, Могилев, Бобруйск, Солигорск шаарларында да акцияга чыккандар убактылуу кармоо жайына жеткирилгенин кабарлашууда.

Териштирүүдөн кийин бошотулгандардын саны азырынча аз.

Буга чейин «Весна» беларус шаарларында 10дон ашуун журналист жана фотокабарчылар кармалганын маалымдаган. Беларус журналисттер ассоциациясы милиция алардын көбүн бошотконун билдирди.

Беларуста каршылык акциялары эки айдан бери уланууда. Демонстранттар Александр Лукашенко шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо менен алтынчы жолу президенттикке шайланды деп эсептешүүдө. «Весна» укук коргоо уюму өлкөдө саясий туткундар 25 эсеге көбөйгөнүн, айып пулдун көлөмү 240 долларды түзгөнүн жазууда.

Укук коргоочу Яна Гончарова «Настоящее Время» телеканалынын атайын эфиринде изоляторлордогу кишилердин жалпы санын эсептеп чыгуу өтө оор экенин, себеби кармалгандарды башка абактарга тез-тез которуп жатышканын айтты. Ал камактагыларга кайрадан кыйноо колдонулуп баштаганын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18