24.kg
13:25, 05 октября 2020, 24.kg

Добушту колдо эсептөө. «Республика» алдыга озуп, «Бүтүн Кыргызстан» артта калды

Боршайком саат 12.30га карата колдо добуштардын 622 миң 516сын, же 31 пайызын эсептеп чыкты. Бул тууралуу мекеме маалымдайт.

Колдо эсептелген бюллютендердин боюнча «Мекеним Кыргызстан» алдыда (24 пайыз). «Биримдик» — 20 пайыз, «Кыргызстан» — 9 пайыз, «Республика» менен «Мекенчил» — 7 пайыз.

«Бүтүн Кыргызстан» 6 пайыз, «Ата-Мекен» — 5 пайыз, «Ыйман Нуру» — 4 пайыз, «Замандаш» 3 пайыз добушка ээ болду.

Белгилей кетсек, добуш берүү бюллетендерин колдо эсептөөдөн кийин гана расмий жыйынтык чыгарылат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18