24.kg
12:57, 05 октября 2020, 24.kg

Парламентте жетпей калган беш партия оппозициялык блок түзөт

Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоо аяктады. Ага катышкан 16 партиядан парламентке төртөө гана өтүп жатат.

Өтпөй калган партиялардын көбү кечээ шайлоо жыйынтыгы менен макул эместигин билдиришти.

Бүгүн болсо беш партия — «Реформа», «Ордо», «Мекен Ынтымагы», «Чоң казат» жана «Ыйман нуру» жолугушуу өткөрүп, биргелешип аракеттенүү чечимине келишти.

Бул саясий уюмдар да шайлоо жыйынтыгы менен макул болгон жок. Алар добуш берүүнү жокко чыгарууну өтүнмөкчү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18