24.kg
11:59, 05 октября 2020, 24.kg

Шайлоо-2020. «Кыргызстандын социал-демократтары» Бишкекте митингге чыгышты

Бишкекте Жогорку Кеңеш имаратынын алдында «Кыргызстандын социал-демократтары» саясий партиясы митингге чыкты. Ага учурда 20дай адам катышууда.

Акцияга келгендер шайлоо жыйынтыгы менен макул эместигин билдиришти.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырдын айтымында, митингге чогулгандар шайлоо жыйынтыгына нааразычылык билдиришмекчи.

«Көрүп турбайсыңарбы «Биримдик» 46 мандат алат. 45 мандат «Мекеним Кыргызстанга» тийет — анын өкүлдөрү бажы органдарын көзөмөлгө алган, тактап айтканда Арстанбек Боронбаев түштүк-батыш бажылыгын көзөмөлдөйт. Дагы бирөө Баш прокуратуранын бир бөлүмүн жетектейт, аткезчилик маселесин көзөмөлдөйт. Демек өлкөдө бажылык кылмыш тобунун бийлиги орнойт. Өлкөдө өзгөрүү болбостугун шайлоо жыйынтыгы көрсөтүп турат», — деди Кадыр Атамбаев.

Акыркы маалымат боюнча 7 пайыздык ирегеден төрт гана партия өттү:

«Биримдик» — 24,53 пайыз;

«Мекеним Кыргызстан» — 23,9 пайыз;

«Кыргызстан» — 8,74 пайыз;

«Бүтүн Кыргызстан» — 7,09 пайыз.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18