24.kg
11:38, 05 октября 2020, 24.kg

Бишкек шаарынын мектептерине иштөөгө уруксат берилген жок

Коронавирус инфекциясынын өсүшүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мектептерине иштөөгө уруксат берилбейт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек шаарынын башкы санитардык даарыгери Кубан Кундашев билдирди.

Анын айтымында, мектептерге окуучуларды кабыл алууга уруксат берилбейт.

«Ордо калаада илдет өсүп жатат. Күнүнө 22-25 адамга жугууда. Аймактардагы мектептерде окуучулар ортосунда аралыкты камсыздоого болот. Бишкекте бир класста 40-45 бала болгондуктан биз сактанып жатабыз», — дейт Кубан Кундашев.

Белгилей кетсек, сентябрь айынан бери мектептерде 1-класстар гана окуп, калгандары аралыктан билим алууда. Республикалык штаб 6-октябрдан тарта 7-класстарга чейинки балдар дагы окууга барарын айткан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18