24.kg
10:04, 05 октября 2020, 24.kg

Шайлоо-2020. Утулган партиялар биригип, митингге чыкмай болду

Шайлоодон утулган партиялар бүгүн биргелешкен митингге чыкмакчы.

Акцияны «Ата Мекен», «Бир Бол», «Кыргызстандын социал-демократтары» жана «Чоң казат» колдоору маалым болду. Митинг Бишкектин Ала-Тоо аянтында өтмөкчү.

Жогоруда аталган саясий уюмдардын өкүлдөрү добуш берүү жыйынтыгы менен макул эместигин билдирип, шайлоо мыйзамы бузулганын айтышты.

Акыркы маалымат боюнча 7 пайыздык ирегеден төрт гана партия өттү:

«Биримдик» — 24,53 пайыз;

«Мекеним Кыргызстан» — 23,9 пайыз;

«Кыргызстан» — 8,74 пайыз;

«Бүтүн Кыргызстан» — 7,09 пайыз.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18