24.kg
09:11, 05 октября 2020, 24.kg

Азербайжандын Ганжа шаары ракеталык аткылоого кабылды

Эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Тоолуу Карабактын башчысы Араик Арутюнян Азербайжандын Ганжа шаарындагы аскердик объектилерди ракеталар менен атууну токтотуу тууралуу буйрук берди.

«Жай тургундардын арасында курмандыктардын алдын алуу үчүн атуулар токтотулду. Бирок каршылаш тарап мындан «жыйынтык чыгарбаса», анда соккулар кайрадан башталат», — деп жазды ал Facebook баракчасына.

4-октябрда эртең менен Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрү Тертер жана Горадиз шаарларын аткылаганын билдирген. Өз кезегинде Ереван бул билдирүүлөрдү четке каккан.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабакта куралдуу чатак 27-сентябрдан бери уланууда. Анын айынан эки тараптан ондогон киши каза болду.

БУУ баштаган эл аралык коомчулук расмий Баку менен Ереванды атышууну тезинен токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырып жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18