24.kg
09:09, 05 октября 2020, 24.kg

Казакстанда балдарын сабаган адамга кылмыш иши козголду

Казакстандын Түркстан облусунда балдарын сабап жаткан адамдын видеосу боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу облустук полиция департаменти билдирди.

«Кылмыш иши «Уруп согуу» беренеси боюнча катталды. Күнөөлүү адам мыйзамга ылайык жоопко тартылат. Мындан тышкары райондук полициянын участкалык инспекторуна карата кызматтык териштирүү башталды», — деп жазылган мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Жекшемби күнү журналист Жазира Бегалы социалдык түйүндөрдөгү баракчасына балдарын бетке жана башка чаап, сабап жаткан адамдын видеолорун жарыялаган. Анын айтымында, балдардын апасы да күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып, балдары менен төркүнүнө качып кеткен.

Социалдык түйүн колдонуучуларынын көбү үй-бүлөсүнө кол көтөргөн кишини жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Августта өлкөнүн Ички иштер министрлиги жыл башынан бери Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан улам 33 киши каза болгонун билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, карантин маалында өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулук 41,7% көбөйгөн.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18