24.kg
18:00, 02 октября 2020, 24.kg

Өзбекстанда мечиттерде уурулук кылган киши 7 жылга соттолду

Жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарына шилтеме кылып билдиргендей, шектүү Кашкадарыя облусуна караштуу Карши шаарындагы «Нава» мечитинде уурулук жасап жаткан учурда кармалган.

Маалыматка караганда, анжияндык тургун 2019-жылы жайында Ташкент, Самарканд, Жизак жана Фергана облустарында мечиттерге келген кишилерин мобилдик телефондорун, капчык жана документтерин уурдаган.

Тергөө учурунда ууру мурда беш жылга соттолуп чыкканы аныкталды.

Карши шаардык соту аны Кылмыш кодексинин «Уурулук» беренеси боюнча 7 жылга эркинен ажыратты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18