24.kg
14:43, 02 октября 2020, 24.kg

COVID-19. Баткен облусунда 118 ишеним телефону иштеп баштады

Баткен облусунда 118 ишеним телефону иштеп баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 118 номуру түнү-күнү иштейт.

Облус тургундары коронавирус оорусуна байланыштуу маселелер, керектүү медициналык кеңештер боюнча жооп алса болот.

«Адистер жарандардын оорусунун белгилерине жараша, зарыл болгон учурда мобилдүү бригаданы жардамга жиберет», — дейт обладминистрация.

Белгилей кетсек, региондо эпидиомологиялык абал кескин курчуп, жугузгандардын саны күн санап көбөйүүдө. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана бир катар медиктер облуска жөнөтүлдү.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18