24.kg
14:29, 02 октября 2020, 24.kg

Трамп коронавирус жуктуруп алып, карантинге кетти

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус жуктуруп алды. Күн мурун анын жардамчысы Хоуп Хиксте COVID-19 аныкталып, Трамп менен жубайы Мелания тест тапшырышкан.

Хикс 29-сентябрда президент менен Кливлендде өткөн дебаттарда, 30-сентябрда Миннесотадагы митингде чогуу болгон.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жад Дирдин билдирүүсүндө: «Президент өзүнүн жана айланасындагылардын ден соолугуна, коопсуздугуна олутуу мамиле кылат», — деп жазылган.

Май айында АКШнын вице-президенти Майк Пенстин басма сөз катчысы Кэти Миллердин, июлдун аягында президенттин улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Роберт О’Брайендин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Эки аткаминер тең айыгып, жумушка кайтышкан.

Трамп АКШда шайлоо өнөктүгү кызып жаткан маалда ооруп калды. Өлкөдө президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18