24.kg
13:49, 02 октября 2020, 24.kg

Орусияда окуган кыргызстандык студенттер үчүн чартердик аба каттамы уюштурулат

Республикалык штаб менен ТИМ кыргызстандык студенттер үчүн чартердик аба каттамын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, студенттер жана дарылануу үчүн учуп жаткандарга атайын аба каттамын уюштуруу маселесин республикалык штаб ТИМ менен биргеликте караштырууда.

«Учурда билеттерге болгон сурам абдан жогору болгондуктан Москва, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут, Иркутс жана Красноярск шаарларына чартедик каттамдар бар», — дейт агенттиктин аба майдандарын сертификаттоо жана жүк ташууларды жөнгө салуу бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Карим Усманов.

Бирок андай каттамдарда чектөөлөр бар. «Чартер менен Кыргызстандан Орусияга айрым гана жарандар уча алат. Бул дипломаттар, атайын делегация, Орусия жарандыгы бар адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү», — деди Курманбек Акышев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18