24.kg
12:49, 02 октября 2020, 24.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги: 12 жашка чейинкилер арасында COVID аз кездешет

Саламаттыкты сактоо министрлиги эмне үчүн 7-класска чейинки окуучуларга мектепке барууга уруксат берилгенин түшүндүрдү. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 12 жашка чейинки балдар арасында COVID аз кездешет.

«Сентябрь ичи 1-класстын окуучулары мектепке барып жатышты. Эч бир жугузуу байкалган жок. Жаш курагы боюнча дагы иликтөө жүргүзгөнбүз. Белгилей кетүүчү жагдай, бардык санитардык талаптарды камсыз кылууга даяр болгон мектептер гана иштей алат», — дейт Нурболот Үсөнбаев.

Республикалык штаб 2-6-класстын окуучуларына дагы мектептерге барып окууга 6-октябрдан тарта уруксат берди.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18