24.kg
11:37, 02 октября 2020, 24.kg

COVID-19. Министрлик вирус жуктурган медиктердин көбөйүшүнүн себебин айтты

Вируска чалдыккан медициналык кызматкерлеринин арасында санитардык нормаларды сактабай ооруп калгандары бар. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коргонуучу каражаттардын толук берилгендигине карабай, медициналык кызматкерлер талапты сактабай, илдетти жугузуп алып жатышат.

«Коргонуучу каражаттар берилип, окутулуп, эскертүү болуп жатат. Бирок, ага карабай айрым учурларда санитардык талаптар аткарылбай калат. Ооруган медиктердин арасында оор абалда жаткандары жок», — деди Нурболот Үсөнбаев.

Акыркы суткада 28 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 3 миң 294 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 29 медкызматкер айыгып чыкты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18