24.kg
09:30, 02 октября 2020, 24.kg

Тажикстанда коронавирустан көз жумгандар 77 кишиге жетти

Тажикстанда коронавирустан көз жумгандардын саны 77 кишиге жетти. Бул тууралуу бейшембиде Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде 46 кишинин вирус жуктуруп алганы аныкталган, бир бейтап өлгөн.

1-октябрь күнү кечинде коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 9 миң 811 кишини түздү. Алардын ичинен 8 миң 617 бейтап айыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги ушул тапта 71 киши коронавируска шектелип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканын белгилейт.

Бул арада соцтармактардын колдонуучулары бийлик чыныгы абалды жашырып жатканын, коронавирустан өлгөндөрдүн саны алда канча көп экенин айтышууда. Жазында Тажикстандын айрым шаарларына массалык жерге берүүлөрдүн видеосу жарыяланган. Анда жергиликтүү тургандар бийлик коронавирустан өлгөндөрдүн жашыруун көмүп жатканын айтып чыгышкан. 

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18